Биз менен байланышыңыз

Бишкектен учкан учак Иранда кулап түштү

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 764 | 0

Бишкектин «Манас» эл аралык аэропортунан учуп чыккан Боинг 707 учагы Ирандын Сафадашт шаарынын аймагына кулап түштү. Бул тууралуу ирандык маалымат булактары жазышты.

Алдын ала маалыматтарга караганда пилот учакты башкара албай калган. Учурда ал кулаган жерди калың түтүн каптап турат. Тез жардам жана куткаруу кызматы кырсык болгон аймакка чыгып кеткени кабарланды.

Ирандын өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги учактын жүргүнчү ташуучу эмес экенин, бирок ичинде он кишилик экипаж бар болгонун билдирди. Экипаж мүчөлөрүнүн абалы азырынча белгисиз. Кээ бир басылмалар алардын каза болгонун айтышууда.

Агенттиктин айтымына караганда Боинг 707 учагы жүк менен Карадж шаарына бара жаткан. Ичинде 30 тонна эт бар болчу. Учак «Иран эйр тур» аба жолдоруна таандык болчу.

Copyright © 2017 Maral FM