Марал Радиосу

Иманкулов: Митингдерге биринчи кезекте бийлик себепчи болот

сүрөт интернеттен алынды

Митингдерге биринчи кезекте бийлик өзү себепчи болот. Себеби өз убагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөйт. Мындай пикирин коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Марат Иманкулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Менин ниетим айрым күчтөр, мурдагы бийликтеги уурулар кайра келип бийликке отурбасын деген эле ниет. Бийлик алардын куралы болуп калбасын дейм«, — дейт Иманкулов.

Ал эми коопсуздук боюнча талдоочу, генерал Артур Медетбеков Кыргызстандагы эки ири митинг төңкөрүш менен аяктаганын, анын арты менен айрым адамдар бийликке мыйзамсыз келгенин белгиледи.

«Алар Кыргызстанды карызга батырып, бүгүнкү абалга алып келди. Митингге чыккандар туура маалыматтын негизинде көз карашын айтып чыкса, баары колдойт. Ал эми жөн гана провокациялык жол менен чыкса эч ким колдобойт, ага өкмөт дагы, коомчулук дагы каршы чыгат», — дейт Медетбеков.

Эске салсак, 7-анварда Бишкекте кытайларга каршы митинг өткөн. Мындан сырткары социалдык тармактарда Кытай мамлекетине жана кытайлык жарандарга каршы чакырыктар болуп жатат.