Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз автоунааларды алып кирүү боюнча коррупциялык схемаларды аныктоонун алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунда “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Колго түшкөн унаанын айдоочусунан 1 млн 444 миң 985 сом өндүрүлдү.
Финансы полициясы мыйзамсыз унаа ташуу фактыларын аныктоону улантууда. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204-304-беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.