Марал Радиосу

Парламент депутаттары элет жеринен кабар алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары 8-11-январь күндөрү жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушту. Алардын бири Алмазбек Эргешов Аксы районунда болуп, Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө жергиликтүү эл менен жолугушту. Ал айылдагы бейтапкананын ишмердүүлүгү, мектептердин абалынан кабар алып, окуучуларга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдугун жана жазуучу Баяс Туралдын Аксы аймагы тууралуу жазган китебин тапшырды.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзгөн районунда жергиликтүү калк менен жолугушуп, элет элинин турмушунан кабар алды. Анда эл таза суу, жол куруу, мектеп, бала бакча, оорукана, билим берүү сапатынын төмөндүгү, пенсия курагындагы мугалимдерди мектеп директорлугунан алуу сындуу бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Дагы бир эл өкүлү Бактыбек Райымкулов Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Аймактарды өнүктүрүү жылында Курама айыл өкмөтүндөгү Каптал-Арык айылына спорт комплекси курулуп, ушул жылы ишке берүү алдында турарын кабарлап, дыйкандардын да көйгөйлөрүн укту.

Эске салсак, парламент депутаттары бул жумадан тарта кайрадан ишин баштады.