Марал Радиосу

Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу соңуна чыкты

Өзбекстандын Самарканд шаарында «Индия-Орто Азия-Ооганстан» аталышындагы министрлердин диалогу өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Кабар агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык аталган жыйынга Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков катышты. Ошондой эле пленардык жыйынга Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Тажикстандан-Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандан болсо Рошид Мередов катышышты. Алар Индия жана Орто Азиянын ортосундагы эки тараптуу достук жана кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Иш чарада өзгөчө соода-экономикалык, туристтик жана илим-технология жаатындагы кызматташтыкка көңүл бурулду.

Мындан сырткары 2019-жылдын экинчи жарымында өтө турган Афганистан боюнча аймактык экономикалык кызматташтыктын VIII конференциясына даярдыктар да талкууланды.

Кошумчалай кетсек, жыйындын аягында жыйынтыктоочу билдирүү кабыл алынып, жарыяланды. 2020-жылкы жолугушууну Индиядада өткөрүүнү демилгелеген Сушма Свараждын чакыруусун министрлер кабыл алышты.