Марал Радиосу

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Бишкекте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпиондор аныкталды. Алардын бири грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Жоламан Шаршенбеков. Ал 60 кг салмак ченинде күрөшүп, биринчи орунду багындырды.

Ал эми экинчиси чемпион — Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Мадумаров. Ал 77 кл салмак ченинде күрөшүп, биринчи оруга татыды.

Белгилей кетсек, мелдеш 11-12-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн. Медалдар он салмактык категория боюнча ойнотулган.