Марал Радиосу

Менталдык арифметика боюнча сынакта кыргызстандык 15 окуучу медаль тагынды

Менталдык арифметика боюнча Казакстанда өткөн FOC эл аралык олимпиадасына катышкан кыргызстандык 15 окуучу тең медаль менен кайтты.

Балдарды сынакка алып барган мугалимдердин бири Жакшылык Матановдун айтымында, 15 катышуучунун ар бири өз жаш курагы боюнча алтын, күмүш жана коло медалдарды багындырып келген.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 5-6-январында өткөн сынакка Казакстан, Украина, Армения, Азербайжан сыяктуу 12 мамлекеттин окуучулары катышкан.