Марал Радиосу

2018-жылы Айыл чарба министрлигинин бюджети 7.2 пайызга өскөн

2018-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин бюджети 127,6 млн сомго же 7.2 пайызга өскөн. Анын 58 млн сому кызматкерлердин эмгек акысы үчүн сарпталган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, өткөн жылы Айыл чарба министрлигинин бюджетти 1 млрд 908.8 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен чыгымдар 1 млрд 800 млн сомду түзүп, 22 млн сомго кыскарган.

Exit mobile version