Марал Радиосу

Коомдук транспорттун электрондук билетин чыгарууга тендер жарыяланды

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортторго колдонулуучу электрондук билеттерди чыгаруу боюнча тендер жарыялап, кызыкдар компанияларды кызматташууга чакырды. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңүүчү компания өз эсебинен Бишкек шаарында системалык оператор компаниясын түзүүсү керек. Ал алты жылдан кем эмес убакытта аталган системаны башкарып, төлөмдөрдөн түшкөн кирешеден өзүнүн белгиленген акысын алат.

Жеңүүчү компаниядан коомдук транспорттордо колдонулуучу ишенимдүү электрондук билеттерди чыгаруу талап кылынат.

Эми жүргүнчүлөр коомдук унаага түшкөндө төлөмдү акылдуу карталар менен төлөшөт. Алар категориясына жараша жеңилдиктерди да берет, мисалы пенсионерлер учүн, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ж.б.

Кошумчалай кетсек, Биринчи этапта коомдук транспортторго 300дөн ашуун текшерүүчү аппараттарды жана 300 миңден 600 миңге чейин электрондук билеттерди ишке киргизүү пландалууда. Мындай төлөмдү киргизүү Бишкекте 2013-жылдан бери каралууда.