Марал Радиосу

Азия кубогу: бүгүн Кыргызстан Түштүк Корея менен ойнойт

Бүгүн, 11-январда футбол боюнча Азия кубогунун алкагында Кыргызстандын улуттук командасы Түштүк Корея менен беттешет. Тайпалык баскычтагы бул оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
Кошумчалай кетсек, ак шумкарлар буга чейин Кытай менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. С тайпасында Кыргызстан менен бирге Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин бар. Кыргызстан бул кубокко алгачкы жолу катышып жатат.