Бишкекке автобустарды алуу боюнча жарыяланган кошумча конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Буга жеңүүчү компаниянын автобустардын баасын сүйлөшүлгөндөн башкача баада жазганы себеп болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлады.
Буга чейин «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык мекемеси 60 автобусту алып келүү боюнча тендерди жеңип алган кытайлык «Zhengzhou Yutong bus Co., Ltd.» ишканасынан кошумча тогуз автобус аларын жарыялаган. Анын суммасы 45 миллион сом болуп жалпы келишимдин суммасынын 15%нан ашпаган үчүн конкурсу жок эле түз келишим менен алынмак.
Автобустарды алып келүүчү компания алардын баасын 646 миң 974 сом деп баалап, техникалык ката кетирген. Келишимде каралган сумма өзгөрбөстөн, АКШ доллары менен эсептелиши керек болгон үчүн конкурс бузулуп, кайрадан жарыяланды. Ага кайрадан эле жалгыз «Zhengzhou Yutong bus Co., Ltd.» компаниясы катышары маалым болду.
Эске салсак, 2018-жылдын 14-декабрында Бишкекке автобус алып келүү үчүн жарыяланган тендердин жеңүүчүсү аныкталган. Жүргүнчү ташуучу автобустарды алууга шаардык бюджеттен 382,5 миллион сом бөлүнгөн. Аталган кытайлык компания 60 унааны 301 миллион сомго баалаган.