Марал Радиосу

Президент: Кытайды жүйө кылып, стабилдүүлүктү бузгусу келгендер жоопко тартылат

Бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда президент Сооронбай Жээнбеков Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпастыгын эске салды.
Жолугушуу учурунда Сокулук районунун  тургуну 7- январда Бишкекте өткөн Кытайга каршы митингден кыргыз-кытай мамилелеринин бузулушуна тынчсызданганын билдирди.
Бул боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берип жатканын, ал эми алар берип жаткан каражат кандай иштетилип жаткандыгы — бул мамлекеттин ички маселеси экенин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 7-январь күнү Ала-Тоо аянтына 300дөй жаран чогулуп, анда Кыргызстанда жүргөн кытайлыктарды өлкөдөн чыгаруу талабын да коюшкан