Марал Радиосу

Абылгазиев: Түкүрүү боюнча айыпты кайра карап чыгуу керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда ал жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жазаны катаалдатуучу чаралар коомчулукта ар түрдүү талкууланып жатканын белгилеп, мунун баары тартипти сактоого багытталганын айтты.

«Бирок биздин милдет — жолдор коопсуз болуп, адамдар кырсыктан тышкары болуусун камсыздоо. Өлкөдөгү айдоочулардын маданиятын өзгөртүүгө, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактай билүүсүнө жетишүүбүз керек. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айып пул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган. Түкүрүү абдан терс көрүнүш. бирок ал үчүн 5500 сом деген айып пулду кайра карап чыгыш керек«, — деди Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле мурда жазалоо жагына басым жасалса, күчүнө кирген мыйзамдарда аларды гумандаштырууга басым жасалгандыгын айтты.

Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында жаңы мыйзамдардын маңызы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошол эле учурда айыптарды башкаруунун так механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Эске салсак, 2019-жылдан тарта Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирди. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси».

Коомчулукта жол эрежелерине байланыштуу каралган айып пулдардын суммасы нааразылык жаратып жатат. Алсак, мас абалында унаа башкарган айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынууда. Ички иштер министрлиги буга чейин 3 күн ичинде 17 мас айдоочу кармалып алардан 262 миң 500 сом айып пул өндүрүлгөнүн кабарлаган.

Мындан тышкары, туура эмес жерге түкүргөндөргө 5500 сом айып салынганы да талкуу жаратып жатат.