Марал Радиосу

Бишкектин абасын текшерүүчү станция курулат

Бишкектин абасынын сапатын текшерүүчү станцияны курууга төрт компания кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдады.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги 38 миллион сомго борбордун абасынын сапатына мониторинг жургүзүүчү автоматтык станцияны куруу боюнча  конкурс жарыялаган.

«Дистрилаб» ЖЧШ мындай станцияны курууну 36,4 миллион сомго баалады. «Капитал УНИ» ЖЧК 36,5 миллион сом, «Проманалит» ЖЧШ 33,9 миллион сом сунуштаса, «Интертек Казсервис» ЖЧШ 33,6 миллион сомго курарын билдирди.

Эске салсак, автоматтык станциялар Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу жана атмосферадагы абанын абалына мониторинг жүргүзүү максатында курулат.     

Exit mobile version