Марал Радиосу

Ажылык сапарына баруучуларды каттоо башталат

9-январда быйылкы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Каттоо 31-январга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Талапкерлер Кыргыстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынышмакчы.

Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги быйыл Кыргызстанга 5485 квота бөлгөн.