Марал Радиосу

Саркулов: Айып пулдар коопсуздукка келтирген коркунучка карап белгиленген

Айып пулдар жол эрежесин бузган айдоочуларга каралган, тартипти сактагандарга анын тиешеси жок. Мыйзамдар жарандарды тиешелүү эрежелерди сактоого милдеттендирет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, юридикалык жактардын коомдогу орду жана өзүн алып жүрүү эрежеси башкача болгондуктан, аларга айып пул көбүрөөк салынган.

Калк жашаган аймакта коопсуздук курун тагынбаган жарандар үчүн айып пулдун өлчөмү  миң сом болсо, чоң жолдордо бул сумма 3 миң сомду түзөт. Айыптар коомдук коопсуздукка алынып келген коркунучка жараша коюлган.

Маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстанда «Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс» боюнча 1 млн 200 миңдей протокол түзүлгөн. Анын 800 миңи жол кыймылынан коопсуздугуна тиешелүү болгон.

«Эреже бузуулардын көпчүлүгү жол кыймылынан кетип жатканына байланыштуу жол коопсуздугу боюнча маселелер көп талкууланып жатат. Эмнегедир башка мамлекеттик органдарга тиешелүү маселелерди эч ким көтөргөн жок. Жол эрежесин сактабагандардан мамлекетке 2017-жылы 363 млн сом, 2018-жылы 500 млн сом айып түштү», — дейт Саркулов.

Анын билдиргенине караганда, жаңы мыйзамдарга ылайык, мурда мас абалында унаа башкарган айдоочуга 10 миң сомго чейин айып пул салынып, соттун чечими менен айдоочулук укугунан ажыратылчу. Азыр 17 жарым миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Эреже бузган айдоочунун күбөлүгү тартылып алынбайт. Бирок айдоочулук укугунан ажыратуу маселеси каралат, учурда анын механизми иштелип жатат.