Биз менен байланышыңыз

6 миңдей майып баланын ата-энеси айлык ала баштайт

Коом | 7 Янв 2019 | 2401 | 4

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге айлык акы январь айынын соңунда бериле баштайт. Министрликтин билдиришинче, айлык төлөөдө ата-эненин балага болгон камкордугу да эске алынат. Азырынча 30 миң мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ичинен 6 миңдейине гана, тагыраагы, дайыма камкордукка муктаж болгон балдардын ата-энелерине гана төлөнөт. Айлыктын өлчөмү жашоо минимумуна жараша өзгөрөт.

Турдубүбү Жумабекова 20 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энеси үчүн айлык берилишин күтүп келген. Көп жылдык аракеттерден кийин жаңы чечимдердин кабыл алынганына ыраазы. Анткени үйдө баласын өмүр бою караган эне жашоосун ага арнап, материалдык жактан камсыз болуу, ден соолукка кам көрүү жагынан аксап келгенин айтты.

-Эне баласы үчүн өзүнүн кесибин таштайт. Өмүр бою баласын карап жашайт. Жаш курагы келген учурда пенсия да жакшы ала албай калат. Анткени ал эч жерде иштеген эмес. Өз алдынча кыймылдай албаган баланы багуу физикалык жактан да оор. Бул учурда энелер да жашы өткөндөн кийин майыптыгы барлардын катарына кошулуп калган учурлар бар.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 30 миңдей жаш бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок азырынча алардын баарына айлык төлөнбөйт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махабат Турдумаматованын айтымында, аларга дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон балдардын ата-энесине гана айлык берилет.

30 миңдей баланын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок азыркы күндө алардын баарына эле бериле бербейт. Азырынча дайыма бирөөнүн кароосуна, камкордугуна муктаж балдардын ата-энесине гана берилет. Биздин болжолдуу эсеп боюнча алардын саны 6 миңдин тегерегинде.

Ата-энелердин балдарын караганы бул кызмат катары каралып, алар асистент катары таанылышат. Аларга айлык берүүдө баланы караганы, ага болгон камкордугу текшерилет. Эгерде бир үй-бүлөдө экиден ашык бала ушундай абалда болсо, анда аларга айлык төлөө жагы төмөндөгүдөй каралган.

Ар кандай себептер менен бир үй-бүлөдө 1-2 бала ушундай абалда болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ата-энеге балдарын караганы үчүн биринчиси үчүн толук, экинчисине 50% төлөнөт. Ал эми айлык акынын өлчөмү жашоо минимумуна жараша белгиленет.

Мындай мүмкүнчүлүктүн түзүлүшүн миңдеген ата-энелер көп жылдардан бери эңсеп келген. “Эми алардын эмгеги бааланып жатканы колдоого аларлык экенин Мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдардын эмгек укугун коргоо уюмунун жетекчиси Үкөй Мураталиева айтты.

Азыркы учурда бул тизмеге саналуу балдар кирип жатат. Албетте, ал тизмеге кимдер кирет деген өзүнчө суроо. Бирок ошентсе да мындай демилге көп жылдан бери көтөрүлүп, эми гана ишке ашып жатат. Бул — аябай кубандырарлык нерсе.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Бул маяна биринчи этапта дайыма коштоп жүрүүчүгө муктаж, 18 жашка чейинки баланын ата-энесине гана төлөнөт.

4 пикир

4 пикир

  1. суранова турдукан

    09.01.2019 00:48

    саламатсыздарбы мункунчулугу чектелген балдар канча жаштан жогоруга берилет или торолгондон берки боюнча эле берилеби? ата энесине айлык акы

    • Айжамал Худайбердиева

      Айжамал Худайбердиева

      09.01.2019 14:57

      — Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махабат Турдумаматованын берген маалыматына ылайык, айлык акы 3 жаштан 18 жаш аралыгындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге гана берилет. Маяна январь айынын соңунда бериле баштайт. Ата-энелердин балдарын караганы бул кызмат иретинде каралып, алар асистент катары таанылышат. Айлык төлөөдө ата-эненин балага болгон камкордугу да эске алынат. Азырынча дайыма камкордукка муктаж болгон 6 миңдей баланын ата-энелерине гана төлөнөт. Айлыктын өлчөмү жашоо минимумуна жараша өзгөрөт. Учурда ал 4900 сомдун тегерегинде.

    • Айжамал Худайбердиева

      Айжамал Худайбердиева

      10.01.2019 11:26

      – Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махабат Турдумаматованын берген маалыматына ылайык, айлык акы 3 жаштан 18 жаш аралыгындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге гана берилет.

  2. Дасира

    09.03.2021 19:44

    Саламатсыздарбы эгер мумкунчулугу чектелген баланын энесида мумкунчулугу чектелген болсо бирок жумушка жарактуу болсо толонобу

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM