Марал Радиосу

Азия Кубогу: Кыргызстан Кытайга алгачкы голду киргизди

Кыргызстан Кытай менен болгон оюнда алгачкы голун киргизди. 42-мүнөттө Ахлидин Исраилов стандарттык аянттын сыртынан тебилген таамай соккусу менен эсеп санын ачты. Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 эсеби менен аяктады.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Азия кубогуна алгачкы ирээт катышууда. Ак шумкарлар С тайпасына туш келип, анда Кытайдан башка Филиппин жана Түштүк Корея менен кез келмекчи. Бул кубокко жалпы 24 өлкө катышып, 6 тайпага бөлүнүп, биринчилик үчүн ат салышууда.