Марал Радиосу

ЖАⱧЫ ЖЫЛДАГЫ «ЭСКИ» БАЛА

Жыл жаӊы. А сиз жаӊысызбы? Жаӊы жылда жаӊы жашоого багыт алган ар бир мекендешиме таазим кылам. Жылдын өзгөрүүсү эмес, кыргыздын өзгөрүүсү маанилүү болуп турган опурталдуу, тагдыр чечүүчү жылдардабыз.

Адам былтыркы кийимине батпай калса эле, тырмагы, чачы өсүп, тиши түшүп, жылга- жыл кошулса эле аны чоӊойду, киши болду деп үстүртөн айтып коёбуз. Мен бирок АДАМ болуу менен ЧОⱧ БАЛА болду деген түшүнүктүн айырмасын билгенден бери буга башкача маани берем. Кыргыз бекеринен: “Адам болуу аста- аста,” — дебептир, залкар жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөн-жайдан: “Адам үчүн эӊ оор нерсе күн сайын адам болуу,” — деп айта салбаптыр. Бул каныӊды азык, карууӊду казык кыла күн кечирип, жарыгыӊ башкаларга тийип, элиӊ- жериӊ үчүн пайдалуу бирөө бол деген УЛУУ ЧАКЫРЫК экен билгенге.

Бул жылдагы эӊ кызык салыштырууну окуп коюуӊузду суранам. Мен сиз бул салыштыруудан татыктуу өтөсүз деп ишенем. Болгону биз кээде көртирлик менен алп урушуп атып, “Биз чоӊойдукпу же сыртыбыз чоӊ, ичибиз бала боюнча калдыкпы?” – деген суроого жооп бербейт деле экенбиз. Жыл жаӊыра берет экен, биз эски күрмөлөрдү сүйрөп, кейип-кепчип, ар кимди күнөөлөп, сөгүнүп жашай берет экенбиз… Жыл жылга алмаша берет экен… Биздин катарыбыз суюла берет экен…

Бала жана чоӊ кишинин окшоштугу:

1) Балдар чачат, көзүнө көрүнгөн нерсенин баарын чачып, сындырып, бүлдүрүп көрүшөт. Чачып тамак ичишет. Колуна тийгенин аралаштырып ойношот. Биз аларды урушабыз.

2) Ал эми чоңдор үчүн жайылган ушунчалык керемет дасторконду 3-4 сааттан кийин караңыз, балдардан жаман. Бир табакка канча салат болсо ошону аралаштырып салышат. Өздөрү ичип аткан сууга же чайга кол аарчу, нан, момпосуйдун кабыгын аралаштырып коюшат. Болгону биз урушпайбыз.

1) Балдар апасын сагынат. Апасына куса болгон кезде ооруп калышат. Ал учурда эч кандай дары да жардам бере албайт. Бул эч ким, эч качан толуктай алгыс кызык сезим.

2) Ал эми чоңдорду алсак, аларда апасына жакын, көбүрөөк апасын сагынышат. Кыйналганда апасынын үйүнө кетип калышат. Апасы бар бала эч качан карыбайт.

1) Балдар ойногонду жактырат. Ата-энеси жаңы сатып берген оюнчуктарын досторуна көрсөткөнчө шашат. Балдар: “Көрдүңбү, атам сатып берди, сенде жок,” — деп ички оюн ачык айтышат.

2) Чоңдор да салган үйлөрү, алган кымбат машиналары, ал гана эмес жаңы алган кымбат кийимдери менен мактанышат. Аны досторуна көрсөткөнгө шашышат. Болгону алар ички мактанычын, сыртка чыгара алышпайт.

1) Балдарды урушканга караганда, мактасаң көп тил алат. Оңоло баштайт. Өзүнө болгон ишеними күчөйт.

2) Чоң адамдарга да жакшы сөз менен жагымдуу мамиле өмүр боюу керек. Адам ушул нерселер менен азыктанып турбаса, депрессияга түшүп, ар тараптан сүйүү издей баштайт. “Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат”,- дегенди баары билет. Жакшы сөз, жакшы мамиле менен душманды да тууган кылууга болот.

1) Балдар бирөөнүн колундагы таттууну же оюнчукту талашып ыйлай беришет.

2) Чоңдор да өмүр боюу башкалардын жакшылыктарына, ийгиликтерине атаандаштык менен карашат. “Эмнеге менде болбойт?” – деген суроо ичинен кайнаганы менен алар балдар сыяктуу ыйлап, талаша алышпайт.

1) Балдар жаман адаттарга тезирээк тартылат. Ата-эне эс тартканча эмне жаман, эмне жакшы экенин саймедирелеп олтурса да алар жакшыга салыштырмалуу, жаман нерселер менен ойношот. Жөнөкөй мисал курсак, таза жерге ойно десең, сөзсүз баткак, топо, суулар менен ойноп жыргашат. “Кар жебе” десең, кар жейт. Таттуудан тыйсаң, ашыкча жеп, тишине курт түшөт. Айтор, көп. Бул жагы – ата-эненин азабы.

2) Ал эми чоңдор үчүн ММКнын бардык түрү, жаман эмне, жакшы эмне экенин ачыктап берет. Бирок алар жыргалчылыкты арак ичүүдөн, тамеки тартуудан, баңги заттан, күнөө жасоодон, ээн баштык кылуудан, уурдоодон, зордуктоодон, алдап кетүүдөн, убакытты бекерге өлтүрүүдөн издешет. Баспа деген жагына басат, алба дегенин алат. Бирок соңунда жашоодогу маанилүү нерселерден куру калышат. А бул ата-эненин азабынан жаман. Бул жагы – бир ааламдын азабы.

Бул салыштыруудан өзүн көрбөгөн, алда канча чоӊоюп, оюнчук талашпай калган ЧОⱧ АДАМДАРДЫ, чоӊ кыргыздарды жаӊы жылы менен куттуктаймын. Чоӊ адамдар гана чоӊ максаттар менен жашашат, кезегинде чоӊ максаттар мекенди көтөрүүгө шарт түзөт. Менин мекеним, менин КЫРГЫЗСТАНым ичи чоӊоё элек ЧОⱧ жиндилерден чарчады. Бала күндө апабыз бизди, — Жиндисиӊби,- деп тилдээр эле. Мен ар бир жылы жинди деген сөздү укпаш үчүн тилек кылар элем…

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Exit mobile version