Марал Радиосу

«Алтын глобус» өз ээлерин тапты

Кинематограф жана телевидение тармагындагы эң абройлуу америкалык сыйлык болгон «Алтын глобус» бул жылкы ээлерин тапты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшыруу аземи Лос Анжелес шаарында өттү. Жеңүүчүлөр бир ай мурда каралып, аныкталды.

Ага ылайык америкалык ырчы Леди Гага «Жылдыз төрөлдү» фильмине жазылган Shallow ыры үчүн аталган сыйлыкты жеңип алды. Ал фильмдеги негизги каармандын ролун да аткарган.

«Алтын глобусту» эң мыкты комедиялык ролу үчүн Майкл Дуглас жеңсе, Кристиан Бэйл комедия-мюзиклиндеги ролу үчүн алды.

«Жөргөмүш киши: аалам кыйырында» фильми эң мыкты аннимациялык фильм наамына татыктуу болду.

Мындан сырткары атактуу «Америкалыктар» фильми драмалык жанрдагы мыкты фильм деп табылды.

Эске салсак, Голливуд тарабынан 1944-жылдан бери тапшырылып келген «Алтын глобус» быйыл 76-жолу берилүүдө. Ага Голливудда жашаган дүйнөнүн 90 мамлекетинен келген журналисттер добуш берип, жеңүүчүлөрдү аныкташат. Кинофильм жана телевизиондук эмгектер үчүн берилчү сыйлык ар жылы январь айында тапшырылат.

 

Exit mobile version