“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди камактан чыгаруу боюнча президентке берилген сунуш каралып жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын маалымдашынча, экс-президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын төрагалары жолдогон өтүнүч президенттик аппаратта каралып жатат.
Кошумчалай кетсек, 19-декабрда мурдагы президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акыйкатсыз камалганын айтып,ага ырайым кылуусун өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогон. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын тең лидерлери колдогон болчу.