Марал Радиосу

Президенттик аппарат Текебаевге ырайым кылуу боюнча сунушту кароодо

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди камактан чыгаруу боюнча президентке берилген сунуш каралып жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын маалымдашынча, экс-президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын төрагалары жолдогон өтүнүч президенттик аппаратта каралып жатат.

Кошумчалай кетсек, 19-декабрда мурдагы президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акыйкатсыз камалганын айтып,ага ырайым кылуусун өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго  кайрылуу жолдогон. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын тең лидерлери колдогон болчу.