Марал Радиосу

Футбол боюнча кыргыз улуттук курамасы БАЭде машыгууларды өткөрдү

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарында алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, БАЭде 5-январда старт ала турган Азия Кубогунун алдында Кыргыз улуттук курам Аль-Айн шаарында машыгууларды өткөрдү. 2-машыгуусун Кыргыз футболчулар бүгүн, 4-январда өткөрөт.

Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунда «С» тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен кездешет. Алгачкы беттешти Кыргыз курамасы Кытайга каршы 7-январда өткөрсө, 11-январда Түштүк Корея менен жана 16-январда Филиппин менен ойнойт.