Марал Радиосу

Магнитогорск шаарындагы кырсыкта куткаруу иштери аяктады

Орусиянын Магнитогорск шаарында газ түтүктөрү жарылып, урап калган көп кабаттуу үйдө куткаруу иштери аягына чыкты. Бул тууралуу ОрусиянынӨзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар урап калган көп кабаттуу үйдөн 39-жансыз денени алып чыкты. Бардык дайынсыз болуп жаткан жарандар табылып, ӨКМ куткаруу иштерин аяктады.

Белгилүү болгондой, 31-декабрь күнү саат 6:00дө Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылган. Жарылуунун кесепетинен көп кабаттуу үй урап калган. Кырсыктан 79 адам дайынсыз болуп, алардын арасынан 11 айлык наристе дагы болгон. 1 күндөн кийин 11 айлык Ваня Фокин урандылардын алдынан аман-эсен куткарылган.