Марал Радиосу

Мультимиллионер өзүнөн 45 жашка кичүү өзбек кызга үйлөндү

Англияда лорд-мусулман 25 жыл бирге жашаган аялы менен ажырашып, өзүнөн 45 жашка кичүү өзбекстандык кызга үйлөндү. Бул тууралуу өзбек Qalampir.uz басылмасы жазып чыкты.

Анда жазылган маалыматка караганда, 77 жаштагы Мухаммед Илтаф 32 жаштагы Г.Мурадованы 2013-жылы кафеден жолуктурган. Бул учурда Г.Мурадова кафеде официант болуп иштеп турган. Экөөнүн ортосунда мамиле түзүлүп, Мухаммед Илтафдын мурунку аялы Шайду Шихнинин катуу жинин келтирген.

Мурадова Өзбекстанга кайтып келген. Бирок анын аркасынан мультимиллионер да келген. Лорд биринчи аялы менен ажырашып, андан кийин 2018-жылы декабрда Мурадовага баш кошкон. Алардын үйлөнүү тою 5 жылдыздуу мейманканада өткөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, лорд-мусулмандын экинчи аялы анын кызынан 15 жашка кичүү. Жаңы үйлөнгөн жубайлар Лондондо чет өлкөлүк элчиликтердин иш-чараларына катышкан.