Марал Радиосу

Прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты

Бишкек шаардык прокуратурасы мурунку депутат Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, алгач шаардык прокуратурадан 2018-жылдын 16-ноябрында «ишти кароого негиз жок» деп райондук прокуратура туура эмес чечим кабыл алыптыр» деген жооп келген. Кийин райондук прокуратура 2018-жылдын 3-декабрында ишти кайра кароого негиз жок деп кайра чечим чыгарган.

«Эми шаардык сот биринчи чечимине өзү каршы чыгып, райондук прокуратуранын декабрдагы чечимин колдоп жатат. 2019-жылдын 3-январында  «Садыр Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок, райондук прокуратуранын чечими туура болгон» деген жооп жөнөтүштү» — деди жактоочу.

Токтосунов эми Башкы прокуратурага кайрыла турганын айтты.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

 

 

Exit mobile version