Марал Радиосу

Футбол боюнча кыргыз курамасы Азия Кубогуна катышат

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмиратындаа Азия Кубогуна катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат катчысы кабарлады.

Маалым болгондой, улуттук курама Азия Кубогуна катышуу үчүн бүгүн, 3-январда Доха шаарынан Бириккен Араб Эмиратына учуп кетти. Мелдеш учурунда кыргыз курамасы Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарына жайгашып, жергиликтүү клубдун спорттук базасында машыгууларын жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу 5-январдан 1-февралга чейин, Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Кыргызстан С тайпасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин өлкөлөрү менен беттешет. Турнирдин алкагындагы алгачкы оюнун Кыргыз курамасы 7-январда Кытайга каршы өткөрөт.