Марал Радиосу

Балыкчынын тургунун атып, жарадар кылышты

Балыкчы шаарынын ооруканасына травматикалык тапанчадан жарат алган жаран келип түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2-январда саат 20:50 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан билдирүү түшүп, анда травматикалык тапанчадан жараат алган 36 жаштагы тургун кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымдалган.

Тергөө-оперативдүү тобунун кызматкерлери күбөлөрдү суроо учурунда бул күнү саат 20:20 чамасында жабырлануучу Балыкчы шаарынын Нарын-Шоссе көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө келип, анда Жоомарт аттуу жигит менен жолукканы маалым болгон. Алардын ортосунда үй-бүлөлүк көйгөйлөр боюнча уруш чыккан. Анын жыйынтыгында, Жоомарт аттуу жигит травматикалык тапанча менен жабырлануучунун жүрөк тарабына атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Окуя болгон жерди кароодо далил буюм катары «45 RUBBER» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчанын огу табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө милициянын кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын өздүгү такталып, ал Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Ж.Ж. экени аныкталган. Учурда Балыкчы ШИИБдин кызматкерлерине шектүүнү кармоо жана тапанчаны алуу тапшырмасы берилди.

Буга байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Exit mobile version