Марал Радиосу

9-январда ажылык сапарга каттоо башталат

Быйылкы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде 9-январынан 31-январга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талапкерлер Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынышмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.