Марал Радиосу

Кадамжайда эки үй-бүлөгө үй берилди

Жаңы жылдын астында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургундары Мейликан Матраимова менен Жаннат Мирсалимовага 2 бөлмөлүү үй курулуп, ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен кабарлады.

Маалыматка ылайык,  аталган үйлөрдүн курулушуна 1 млн 250 миң сом сарпталган. Үйлөрдүн бири Ак-Турпак айылына, экинчиси Миң-Чынар айылына курулду.