Марал Радиосу

Бүгүн Орусия аза күтүүдө

Орусиянын Магнитогорск шаарындагы үйдөгү газдын жарылуусунан набыт болгондордун саны сегизге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлаган.

Бул курмандыктардын  акыркы саны эмес, дагы көбөйүшү мүмкүн. Анткени 36 кишинин дайыны алигүнчө чыга элек.

2-январь өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган. Буга байланыштуу аймактагы бардык көңүл ачуучу иш чаралар токтотулат.

Эске салсак, 31-декабрь күнү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги газдын жарылуусунан бир подьезд толугу менен урап түшкөн. Алгачкы кабарларда 79 киши дайынсыз экени маалым болгон. Алардын сегизинин денеси жана кээ бирөө тирүү табылып, учурда издөө иштери имараттын калган бөлүгу урап калуу коркунучуна байланыштуу токтоп турат.

Бул иш боюнча «Байкоосуздан адам өлүмүнө себеп болуу» беренеси менен кылмыш иши ачылды.