Марал Радиосу

Президент Магнитогорск шаарындагы окуяга байланыштуу Путинге көңүл айты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Челябинск облусунун Магнитогорск шаарындагы кырсыкка байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Магнитогорскиде газ жарылып, турак үйдүн подъезди урап, адамдар каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалаарымды жеткирип коюуңузду сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат телеграммада.

Эскерте кетсек, 31-декабрь күнү Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдүн подъезди урап калган. Урандынын астында 40тай  адам болушу мүмкүн экени болжолдонуп жаткан.