Марал Радиосу

Бүгүн коомдук транспорт түнкү 2ге чейин иштейт

Бүгүн, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкекте коомдук таранспорт түнкү саат 02.00го чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жарандар жаңы жылдык салтанатты көрүү үчүн Ала-Тоо аянтына троллейбус, автобус жана маршруттук таксилер менен барса болот.

Ал эми Ош шаарында коомдук транспорт түнкү саат 01.00го чейин каттайт.