Марал Радиосу

Парламент 11 күн иштебейт

Жогорку Кеңештин депутаттары 8-11-январь аралыгында шайлоочулар менен жеринде иш алып барат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул боюнча Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алган.

Жаңы жыл майрамына карата өкмөт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жаңы жыл майрамында кыргызстандыктардын 7 күн эс алуу боюнча сунушун колдоого алган.

Эс алуу күндөрүн жана депутаттардын округда иштейт деген ЖК токтомун эске алганда, эл өкүлдөрү иш ордунда 11 күн болбойт.