Марал Радиосу

Адамкул Жунусов 4-февралга чейин камакта калтырылды

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусо в4-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Адамкул Жунусов Бишкектеги №1-шаардык ооруканасында дарыланууда. Ал жактан чыкканда дароо тергөө абагына жеткирилет.
Жунусов Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, 4-декабрда Баку шаарынан кармалган. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Эске салсак, Адамкул Жунусов  Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде өшол кезде өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.