Марал Радиосу

Бишкек—Ош жолунда оор жүк ташыган унаа оодарылып кетти

Бишкек—Ош жолунда 36 тонна күйүүчү май ташып бара жаткан унаа жолдон чыгып кетти.

Маалым болгондой, Бишкек—Ош жолунун 283-чакырымында «ДАФ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, бир капталына оодарылып калган. Эч ким жарат алган эмес.

Унаа Ош багытын көздөй келе жаткан. Бензин төгүлгөн эмес. Учурда бензинди башка унаага которуу аракети көрүлүп жатат.