Марал Радиосу

Өзбекстанда мугалимди күйөөсү балталап салды

Өзбекстандын Каттакурган шаарынын тургуну жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеген жарандык никедеги аялын балталап салган. Жаракат алган мугалим 25-декабрь эртең менен мектептин алдында табылган. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришкен.

Шаардык ички иштер бөлүмү  кылмышка шектүү катары мугалимдин жарандык никедеги күйөөсү кармалганын билдирди.

Учурда жаракат алган мугалим травматология бөлүмүндө дарыланууда. Анын бети менен муруну жабыркаган. Мындан тышкары колдорунун чыканактарында, белинде жана тизесинде терең жаракаттары бар.  Учурда абалы канааттандыраарлык.