Быйыл Орусияда январдан ноябрга чейин азык-түлүк баасы Европа биримдигине салыштырмалуу 3,3 эсеге тез жогорулаган. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик статистика кызматы билдирген.
Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Орусияда азык-түлүк 3,3%, ал эми ЕБ өлкөлөрүндө 1% кымбаттаган.
Мекеменин маалыматы боюнча ноябрь айында өлкө дүкөндөрүндө баалар дароо 1,2% жогорулаган. Ошол эле маалда ЕБде азык-түлүк 0,1% арзандаган.
Орусияда жыл башынан бери баарынан да эт, шекер, шоколад, сүт азыктары, сыр жана жумуртка кымбаттаган.