Марал Радиосу

70 жаштагы француз бочке менен Атлантикага сапарга чыкты

Франциянын 70 жаштагы жараны Жан Жак Савен өзү жасаган жыгач бочке менен Атлантика океанын сүзүп өтмөкчү. Ал бул сапары үч ай уланып, Кариб деңиздерине жетүүнү пландоодо.

Анын бочке-кемесинин кыймылдаткычы жок, Савен суунун агымына гана таянууда. Сапарынын алгачкы күндөрү тууралуу айткан жолоочу»унаасынын» саатына 2-3 км аралыкты сүзүп өткөнүн билдирди. Синоптиктер ага Жекшембиге чейин жакшы аба-ырайы кутүлөрүн кабарлашты.

Бочке-кеменин узундугу үч метрди тузүп, туурасы эки метрге барабар. Ичинде үч айлык сапарга керек болгон азык-түлүгүн батырган Савендин илимий вазыйпасы бар: жолунун жарымына жеткенде JCOMMOP океандарды изилдөө компаниясынын деңиз фонарын сууга таштоосу керек.

Эске салсак, 27-декабрда франциялык ыктыярчы Атлантика деңизин өзгөчө бочке-кеме менен басып өтүү үчүн жолго чыккан.