Марал Радиосу

2019-жылы 28 миллиард сом тышкы карызга төлөнөт

Жаңырган жылы мамлекеттик бюджеттен 28 миллиард 327 миллион сом, б.а. 400 миллион доллар сырткы карызды жабууга жумшалат. Мындай документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу 2020-2021-жылга карата пландалган бюджеттин божомолуна таянып Спутник сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул сумма 2019-жылы 151 миллиард сом болору күтүлгөн  бюджеттин киреше бөлүгүнүн беште бирин түзөт.

Төлөнүүчү мамлекеттик карыздын көлөмү жылдан-жылга өсүүдө. Өткөн жылы 20,6 миллиард сом болсо, 2020-жылы 29,3 миллиард, ал эми 2021-жылга 36 миллиард сом төлөө каралды.

Эске салсак, бул карыздардын басымдуу бөлүгү сырткы карыз болуп саналат. Анын көпчүлүгү Кытай мамлекетинен алынган карыздар.