Марал Радиосу

Кышкы сезондо Ысык-Көлгө туристтер көп

Дүйнѳлүк стандарт боюнча 4–орунду ээлеген Каракол тоо лыжа базасында кардын көлөмү жетишээрлик деӊгээлде. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу туристтердин келүүсү арбын болоору күтүлүүдө.

Испания мамлекетинин жашоочусу 40 жаштагы Карлос Антонио — лыжа сүйүүчүлөрдүн бири. Ал буга чейин бир нече мамлекеттерде болуп, акыркы 2 жылдан бери Караколдун лыжа базасына келип турат. Ошондон улам бул сапар үй-бүлөсүн алып келип, бирге эс алууну туура көргөндүгүн айтат. Анткени быйылкы лыжа тебүү жаӊы жылга туура келип, өзгөчө шаӊ менен өтөт деген ишенимде.

Мен буга чейин бардык тоо лыжа базаларга барып, кыдырып көрдүм. Акыркы жолу Каракол лыжа базасына келип, бул жактын табиятын жактырдым. Ошондуктан бул жылы үй-бүлөмдү алып келип, эс алууну чоогу өткөрүп жатабыз. Биз 10 күндүк тур менен келгендиктен, алдыда жаӊы жыл туура келип калат экен. Андыктан 2019- жаӊы жылды тоо лыжа базадан тосолу деп жатабыз. Ушундай шарт түзгөн кыргыз элине ыразычылык билдирем.

Бул сыяктуу, чет өлкөлүк жарандар лыжа тебүү үчүн декабрь айынан бери келе башташты. Ал эми коӊшу Казакстан менен Бишкек шаарынан келген меймандар көбүнчө дем алыш күндөрү активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Алардын бири улуттук тамак-ашты жактырса, экинчиси тоо койнун, үчүнчүсү лыжа базанын өзүн баалашат.

-Биздин келгенибизге 2 күн болду. Негизи, эӊ сонун жерибиз бар, биз ага сыймыктанышыбыз керек. Айланабызды көлүбүз, тоолор курчап турат. Андан башка бизге эч нерсенин кереги жок. Мындай шартта үй-бүлө менен, достор менен жөн гана жакшы маанай менен эс алуу керек.

-Биз Каракол тоо лыжа базага келгенде жакшы маанайда эс алып кетебиз. Бизди кабыл алгандар абдан мейман дос келишет. Ошондуктан Караколдун ичиндеги өзгөчө улуттук тамак-аштардан даам татып кетебиз.

-Албетте, жерибиздеги мындай лыжа база эӊ сонун шартта. Таза аба, карагай, конаткалык жолдор баары ойдогудай.

Атап айтканда, Каракол тоо лыжа базасы бир жарым айдан бери кышкы сезонду расмий ачып, иштеп жатат. Азыркы тапта ички жана сырттан келген туристтердин саны былтыркы жылга салыштырмалуу арбын экендигин тоо лыжа базасынын аткаруучу директору Евгения Коволева билдирди. Аны менен катар алдыда жаӊы жылды тосом деген меймандарга майрамдык шарт түзүлөт, — деди ал.

Келе жаткан жаӊы жылды азырынча 50гө жакын турист тосору белгилүү болду. Биз тарап меймандарга кечкисин майрамдык шаӊ уюштуруп беребиз деп пландап жатабыз. Эӊ негизгиси, быйылкы кышта кар көп жаады. Эс алуучулар өткөн жылга салыштырмалуу арбын. Алдыда орундар чектелүү. Бирок баалар мурдагыдан өзгөрбөйт. Биздин базабызга батпай калган жарандар Караколдогу мейманканаларга жайгашууда.

Алдыда жаӊы жылдык эс алуу күндөргө  шаар ичиндеги мейманканаларга да алдын ала буйрутмалар келип түшүүдө. Январь айына карата 200гө жакын конок үйдүн 90% толду. Ошондой болсо да кышкы туризм кардын жааганына көз каранды экендигин Ысык-Көл мейманканасынын жетекчиси Шайыр Акматова маалымдады.

-Биздин лыжа базабыз кышкы сезондо канча ай иштейбиз, аны эрте айтуу кыйын. Эгер кар ойдогудай жаап калса анда толук 5 айга созуларынан күмөн санабайбыз. Тескеринен кар жаабай койсо анда туристтердин агымы токтой баштайт. Эӊ негизгиси бизге декабрь, январь айларында аба ырайы өз нугунда кетсе, эс алуучулар ойдогудай болот.