Марал Радиосу

Түркия туристтерге салык салат

Түркияда 2019-жылдын 1-январынан тарта туристтер үчүн «коопсуздук салыгы» ишке кирет. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Киши башына 1-3 евродон туура келген салык өлкөдөн сыртка чыгуучу жана сырттан Түркияга кирүүчү туристтер үчүн киргизилди.

Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгы коопсуздук чараларын киргизип, ага кетчү чыгымды туристтердин эсебинен жабуу максатында алгач 3 евролук салыкты өлкөнүн бардык аэропортторуна киргизсе, эми туристтер эң көп келчү Стамбул, Анкара, Измир, Анталия жана Аланья шаарларынын туристтерин салыктан бошотту. Булардан сырткары бардык шаарлардын туристтери салыкты сезонго жараша 1-3 евро арасында төлөшөт.

Ал арада үч ай мурунтан сатылып кеткен билеттердин маселеси талкуу жаратууда. Анткени салык билеттердин баасына кошулуп киргизилмек.