Марал Радиосу

Кар тууралуу 10 кызык

Кыштын келиши менен кар аралаш жашоо башталат. Тазалыктын, аруулуктун символу болгон кар тууралуу көп нерсе билбейбиз. «Ак алтын» жөнүндө он кызыкка көңүлүңүздү бурабыз.

1) Кардын түсү ак эмес. Ал түссүз болуп, тегеректеги түстөргө чагылышып ак болуп көрүнөт. Мындай таасирлерден улам кардын түсү кээде көк, карамтыл, сыя, күлгүн же сары болуп көрүнгөн учурлар кездешет.

2) Кар бүртүкчөлөрүнүн ар биринин формасы ар башка. Абанын табынын даражаларына жараша анын формасы өзгөрүп да турат.

3) Кар бүртүкчөсү абадагы чаң сыяктуу катуу нерселердин тегерегинде пайда болот. Башкача айтканда, кардын борборунда башка катуу нерсе турат.

4) Кар үндүн таралышына жолтоо болот. Кар калың жааган кезде үндөр алыска угулбай, жымжырттык көбүрөөк байкалат.

5) Кар Марс планетасында да жаайт.

6) Карды адам эле эмес, маймылдар да жакшы көрүшөт. Япониядагы макака маймылдары кардан топ жасап атышып, ала качып ойношот.

7) Синофобия-кардан коркуу оорусу көп кездешет. Синофобдор кар себелеп баштаса же анын бүртүкчөлөрүн көрсө деле кардын алдында калып кетүү коркунучуна кабылышат.

8) Кар ысытат. Ал 95% вакумдагы абадан тургандыктан, кардан жакшы кынапталып жасалган үй сыртка караганда жүз пайызга ысык болот. жаныбарлардын кышында карды оюп, кышкы уйкуга кеткени ушундан.

9.Кар пайда болуусу үчүн абанын табы нөл градустан түшүүсү керек делгени менен 6 градус ысыкта да кар жаай берет.

10. Кар бүртүкчөсү өзү пайда болгон булуттан ажырап, жерге тушкөнгө чейин бир саатка жакын убакытты алат.