Марал Радиосу

Суу чарба министрлигин түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттин бугункү жыйынында Суу чарба жана мелиорация министрлигин түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында коңшу өлкөлөргө сууну сатуу маселеси кайрадан көтөрүлүп каралышы керек.

«Бүгүнкү күндө сууну көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк жок болууда. Аны ар түрдүү ведомстволор чечип жатышат. Мындай болбойт, бир орган түзүү зарыл. Эгер айтылып жаткандай өкмөт жаңы жылда структурасын өзгөртө турган болсо Суу министрлигин да карашыбыз керек»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын суу чарбасы учурда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдында жүргузулөт.