Марал Радиосу

Орусия маңзат өсүмдүктөрүн өстүрүүгө уруксат берди

Орусияда апийим өстүрүүгө жана аны дары-дармек жасоо максатында кайра иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Орусия медицинада колдонулчу оору басуучу препараттарды 100% сырттан импорттоочу. Бирок соңку жылдары күч алган Орусияга каршы соода-экономикалык санкциялар аталган дары-дармектердин келишине тоскоол болууда.

Анткени Орусияга маңзат препараттарын саткан мамлекеттердин дээрлик баары учурда Орусияга санкция киргизип коюшкан. Бул көз карандылыкты жоюу максатында мурда мыйзам тыюу салган маңзат өстүрүүгө уруксат берилди. Эми эксперттер өкмөттүн токтомун толуктап, уруксат берилчү өсүмдүктөрдүн тизмесин чыгаруунун үстүндө иштешүүдө.

Эске салсак, Орусияда жалпысынан 13 апийим препараты каттоодон өткөн. Алардын тогузу жашоо үчүн өтө зарыл дарылардын катарына кирет.