Марал Радиосу

Жаңы депутат Өмүрбек Бакиров ант берди

Жогорку Кеңешке жаңы келген депутат Өмүрбек Бакиров ант берди. Ал өз арызы менен мандатын тапшырган Музаффар Исаковдун ордуна келди. Жаңы депутат КСДП партиясынын тизмесинде 55-катарда болгон.

Кошумчалай кетсек, 26-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Музаффар Исаковду мандатынан ажыратып, ордуна Бакировдун келүүсү боюнча чечимин кабыл алган.