Марал Радиосу

Оштогу кыргыз-өзбек «Ак-Таш» өткөрмө пункту ачылды

25-декабрдан тартып Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш-Бирлишкен» өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бул маселени 18-декабрда эки өлкөнүн премьер-министрлери Кыргызстандын жана Өзбекстандын Чектеш облус жетекчилер кеңешинин жыйынында сүйлөшүп, чечишкен.

«Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат.

«Ак-Таш» өткөрмө  пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон.

Чек ара кызматы өзбек тарап менен түзгөн келишим боюнча 2013-жылдан 2015-жылга чейин айылга азык-түлүк продуктуларын, медициналык дары-дармектерди, күйүүчү-майлоочу май,  үрөн, жер семирткичтерди жана башкаларды ташууга уруксат берилген.

Буга чейин Барак эксклавынын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн мамлекеттик чек араны 150 чакырымды түзгөн «Кызыл-Кыя-унаа жол» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өтүүгө мажбур болушкан. Ош шаарына чейин жетүү үчүн жалпысынан 300 км жол  жүрүү зарыл болгон. Учурда «Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту аркылуу өлкөнүн негизги аймагына өтүү үчүн 1 чакырымдан ашык жүрүү зарыл.

Өткөрмө пункту күн сайын саат 9дан 19га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат