Марал Радиосу

11 айда Бишкекте тез жардам 46 946 жолу кечиккен

Өткөн 11 айдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында тез жардам кызматына 143 470 жолу чакыруу болгон. Анын 46 946 жолкусу оорулууга кечигип барган. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, кечигип баруу фактысы жалпы чакыруунун 32,7%ын түзгөн. Анткени тез жардам борборунда 100 унаага муктаждык болсо, учурда 58 гана транспорттук каражат бар жана анын 33ү гана колдонууга жарактуу. Ошондой эле борбор калаага 113 медициналык бригада керек болсо, учурда 38 гана топ иштөөдө. Аларга күнүнө орточо эсеп менен 12,4 чакыруу келип түшөт.

Кадрлардын ишин таштап кетпөөсү үчүн шаар башкармалыгы тез жардам кызматынын дарыгерлерине кошумча айлык маяна төлөп турат. Алсак, негизги врачтарга айына 4 миң, ал эми 2,5 миң сом фельдшерге берилип турат.

Алардын маянасы орточо эсеп менен 12-14 миң сомду түзөт.

Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметовдун айтымында, дарыгерлер 29-декабрдан баштап 7-январга чейин күчөтүлгөн режимде иш алып барышмакчы. Бишкектиктердин саламаттыгына кам көрүү үчүн 38 бригаданын баары кызмат көрсөтөт.