Марал Радиосу

Дүйнөлүк бажы уюмунун окутуу борбору Орто Азиядан алгачкы жолу Кыргызстанга ачылат

Кыргызстанга Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун окуу борборун түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Меморандум бажы органдарынын кызматкерлерин даярдоодогу сапатты жогорулатууну көздөйт.

19-декабрда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Бердалиев Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун атынан Башкы катчы Кунио Микурия кол коюшту.

Белгилей кетчү нерсе, окуу борбору уюмга мүчөлүк кылган 183 мамлекеттин ичинен 26-болуп, Борбордук Азияда алгачкы жолу Кыргызстанга ачылмакчы.

Окуу борборунда жергиликтүү жана башка мамлекеттин бажы кызматкерлери окутулуп, алар өзөктүк радиацияны көзөмөлдөө боюнча тажырыйбасын арттыра алышат.