Марал Радиосу

Бишкекте президенттик балаты майрамы өтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү салттуу жаңы жылдык балатыга катышат.

Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.